Ош шаарындагы 74 млн сомдук мейманкана мамлекетке кайтарылды

3279 04 Февраль 2025 11:33
1.jpeg
475962419_1008612281287773_1210955327352132209_n.jpg
476425446_1008612304621104_4285179595076372901_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpeg
475962419_1008612281287773_1210955327352132209_n.jpg
476425446_1008612304621104_4285179595076372901_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Ош шаарынын борборунда 74 млн сомдук мейманкана мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери мамлекеттик менчиктеги объектилерди мыйзамсыз чыгарып кетүү жана жеке менчикке өткөрүп берүү фактысын аныкташты. 

2004-2007-жылдар аралыгында Ош шаарынын борборунда жайгашкан мурдагы бала бакчанын имараты мэриянын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануунун натыйжасында жеке менчикке мыйзамсыз берилген.

Аталган имарат көптөн бери мейманкана катары колдонулуп келет.  Мамлекеттик мүлк мыйзамсыз менчиктелгенден кийин мунун баары жеке материалдык пайда табуу максатында иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп келген. 

Мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке оор зыян келтирилген. 

Аталган факты боюнча ИИМдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Учурда ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы жана тергөө кызматынын аракети менен жогорудагы баасы 74,6 млн сомдон ашкан үч кабаттуу мейманкана мамлекеттин балансына кайтарылып, кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.