Ош шаарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак Загрузка... 12 Март 2025 09:50
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн саат 09:11де күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ош шаарынан 3 чакырым түндүккө чейин сезилген. Учурда Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет.