Ош шаарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Аймак Загрузка... 09 Май 2025 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 09.05.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн салтанатка Коргоо министринин орун басары - Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы Алмазбек Карасартов, президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курманбек Айтибаев, шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүлчамбар коюлуп, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан концерттик программа уюштурулду.

Ошондой эле Т. Сатылганов атындагы эс алуу багында ардагерлер үчүн «Аскердик талаа ашканасы» уюштурулуп, сый-тамак тартууланды.

Эске салсак, Ош шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 14 621 адам чакырылып, алардын ичинен 3 118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон.