Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Ош шаарында борбордук аянт жаңыланып, жашылдандырылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордук аянттагы жашыл аймак жаңыланып, заманбап ландшафттык дизайн менен жасалгаланууда.
Учурда сугаруу системалары орнотулуп, Италиядан алынып келген декоративдик бадалдар, арчалар жана гүлдөр отургузулууда.
Көчөттөр аталган ишканада атайын күнөсканаларда көбөйтүлүп, кийин шаардын башка аймактарына да тигилет.