Ош облусунда жер титиреди

Укук тартиби 12 октябрь 2026 11:35
Ош облусунда жер титиреди

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда саат 09:04тө Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Жар-Башы айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Ачык-Суу айылынан 28 чакырым түштүк-батышта жана Ош шаарынан 143 чакырым түштүк-батышта жайгашты.

Ал эми күчү Жар-Башы, Ачык-Суу, Кулчу, Шибээ, Кара-Шыбак, Кызыл-Эшме жана Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга чейин жетти.