Ош облусунда жер титиреди

Кырсык 27 апрель 2026 13:28
Ош облусунда жер титиреди

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Бүгүн саат 11:36да Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай кырка тоолорунда, атап айтканда, Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 125 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү очогунда 3 баллды түзгөн.

Калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес.