Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Бишкектеги "Ош" базарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармап, сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жарандардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө жашыл таранчы жана боз баш щегол аттуу жапайы канаттуулар капаска камалып, сатылып жатканы аныкталган. Канаттуулар капастан чыгарылып, эркиндикке кое берилди.
Мыйзамсыз соода жүргүзгөн жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындай аракеттерди кайталабоо боюнча эскертүү берилди.