Ош шаарындагы "Жапалак" унаа базары качан ачылары белгилүү болду

Аймак 7 июль 2025 09:10
Ош шаарындагы "Жапалак" унаа базары качан ачылары белгилүү болду

Бишкек, 08.07.25./Кабар/. Ош шаарындагы "Жапалак" унаа базары 10-июлдан тарта ачылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа базар толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Унаа токтотуучу жайлар толук асфальт болуп, үстү жабык кошумча тосмолор, коомдук тамактануучу жайлар, даараткана жана административдик имараттар курулуп, айланасы атайын тосмо менен тосулган.

Ошондой эле кире беришине автоматтык төлөм системасы орнотулган.