"Ош" аэропортунда 1 млн сомдук алтын аткезчилиги аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 05 Март 2026 17:25
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. "Ош" эл аралык аэропортунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө өлкөгө тиешелүү коштомо документтери жок, жалпы баасы 1 млн сомдон ашкан алтын буюмдарын (шакек, сөйкө жана чынжырлар) алып кирүү аракети аныкталган.

Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүлдү.