2025-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда ОСАГО полиси бардык автоунаа ээлери үчүн милдеттүү болуп калды. Ошондон бери бир жылга жакын убакыт өтүп, эми өткөн жылы камсыздандыруу алган айдоочулар полистеринин мөөнөтүн кайрадан узартууга тийиш. Бул аралыкта ОСАГО боюнча канча төлөм жүргүзүлдү, айдоочулардын камсыздандырууга болгон жоопкерчилиги кандай өзгөрдү жана полиси жок жүргөндөрдү эмне күтөт?
Кыргызстанда ОСАГО жөнүндө мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, 2023-жылдан тартып күчүнө кирген. Ал эми 2025-жылдын 1-июлунан тартып мыйзамдын талаптары бардык автоунаа ээлери үчүн милдеттүү түрдө аткарыла баштаган.
Мыйзамдын иш жүзүндө аткарылышы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмүнөн да байкалууда. Акыркы бир жыл ичинде Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жеке жана юридикалык жактарга 400 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмүн жүргүзгөн. Анын ичинен ОСАГО боюнча төлөмдөрдүн көлөмү 100 млн сомдон ашкан. Өлкө боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү жума сайын жүргүзүлүп келет.
Уюмдун Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин директору Актан Турумбековдун айтымында, Кыргызстанда ОСАГО полисин алган айдоочулардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө.

Анын маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы менен уюм аркылуу 352 миң 926 автоунаа ОСАГО боюнча камсыздандырылган. 2026-жылдын башынан бери 76 миң 827 транспорт каражаты камсыздандыруудан өткөн.
“Азырынча айрым айдоочулар камсыздандырууну айып пул төлөбөш үчүн гана тариздеп жатышат. Бирок ошол эле учурда ОСАГОнун маанисин түшүнүп, жоопкерчилик менен алган жарандардын саны да өсүүдө. Ошондуктан калк арасында түшүндүрүү иштерин мындан ары да күчөтүү зарыл”, - деди Турумбеков.
Анын белгилешинче, жарандарды маалымдоо максатында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. ОСАГО полисинин мөөнөтү аяктап бара жаткан кардарларга жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу эскертүүлөр жөнөтүлөт.
“Камсыздандыруу полисинин мөөнөтү аяктап жаткан кардарларды өз убагында эскертүү үчүн атайын автоматташтырылган маалыматтык система колдонулат. Анын негизинде кардарларга телефон аркылуу байланышып, полистин мөөнөтүн узартуу зарылдыгы тууралуу маалымат берилет. Ал эми камсыздандырууну электрондук форматта, анын ичинде “Түндүк”, “Strahovanie.kg” жана “MegaPay” платформалары аркылуу тариздеген жарандарга SMS-билдирүүлөр жөнөтүлөт. Ошондой эле уюмдун расмий сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат”,-деди ал.

Турумбеков белгилегендей, ОСАГО полисинин бар-жогун көзөмөлдөө ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Эгер айдоочу жол кыймылынын эрежесин бузса, кызматкерлер ошол эле учурда анын ОСАГО полисин да текшеришет. Айрым учурларда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун адистери жол көзөмөлдөө кызматкерлери менен биргеликте рейддерге чыгып, айдоочуларга ОСАГОнун мааниси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
“Текшерүү “КЮАР” маалыматтык системасы аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт. Эгерде транспорт каражатынын милдеттүү камсыздандыруу полиси жок экендиги аныкталса, мыйзамга ылайык айдоочуга же транспорт каражатынын ээсине айып пул салынат.
ОСАГО — бул айдоочуларды жана жол кырсыгынан жабыркаган тараптарды финансылык жактан коргоого багытталган милдеттүү камсыздандыруу. Эгер айдоочу жол кырсыгына күнөөлүү болуп калса, жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын орду мыйзамда белгиленген өлчөмдө камсыздандыруу уюму тарабынан төлөнүп берилет.
Ошондуктан ОСАГО — жөн гана мыйзамдын талабы эмес, күтүлбөгөн ири чыгымдардан коргой турган маанилүү финансылык инструмент. Ал жол кырсыгынын кесепетинен келип чыккан чыгымдарды азайтып, жабыркаган тараптардын укуктарын коргоого жардам берет. Ошондой эле жол кыймылынын бардык катышуучуларынын жоопкерчилигин жогорулатып, өлкөдө камсыздандыруу маданиятынын калыптанышына өбөлгө түзөт”, - деди адис.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 184-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, транспорт каражатын башкарууда милдеттүү ОСАГО полиси жок жүргөн учурда айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылат.
Токтотуу учурунда унаа ОСАГО полиси жок башкарылган учурда 3 000 (үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Бул талап жол кыймылынын катышуучуларынын укуктарын коргоо, жол кырсыктары учурунда материалдык зыяндын ордун толтуруу жана жалпы коопсуздукту камсыз кылуу максатында киргизилген.
Эскерте кетсек, камсыздандыруунун 1 жылдык баасы жеңил унаалар үчүн 1680 сомдон баштап, 2600–2800 сомдун тегерегинде.
ОСАГО полиси бир жылдык мөөнөткө таризделгендиктен, аны өткөн жылы алган айдоочулар эми анын мөөнөтүн өз убагында узартууга тийиш. Полистин мөөнөтүн өткөрүп жиберүү мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

Мыйзамга ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрү жол кырсыгынын кесепетине жараша белгиленген өлчөмдө жүргүзүлөт.
- башка унаанын оңдоо чыгымын төлөп берет;
- жабыркагандардын дарылануусун жабат;
- өлүм же майыптык болгон учурда компенсация төлөнөт.
Төлөмдөрдүн көлөмү:
300 000 сомго чейин — эгерде жол кырсыгынан адам каза болсо
200 000 сомго чейин — I топтогу майыптыкка кабылганда
150 000 сомго чейин — II топтогу майыптык үчүн
100 000 сомго чейин — III топтогу майыптык үчүн
100 000 сомго чейин — майып болбосо да дарыланууга
150 000 сомго чейин — ар бир жабырлануучунун унаасын оңдоого (бир окуя боюнча жалпысы 450 000 сомдон ашпашы керек).
Белгилей кетсек, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишмердүүлүгү мамлекеттин көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Уюмдун финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында анын уставдык капиталы 1 млрд 144 млн сомго чейин көбөйтүлгөн. Бул каражат банктык эсептерде сакталат жана камсыздандыруу учурлары катталганда жарандардын алдында төлөмдөрдү өз убагында аткарууга финансылык кепилдик болуп кызмат кылат.