ОСАГО полиси бүгүнкү күндө жол кырсыгынан жабыркаган үчүнчү тараптын чыгымын жабуунун негизги механизми болуп калды. Камсыздандыруу системасынын өнүгүшү менен бирге камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү да, полис алган жарандардын саны да өсүүдө. Ошол эле учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызмат көрсөтүүлөрүн өркүндөтүп, айдоочулардын өз автоунаасын камсыздандырууга арналган КАСКО полисинин шарттарын жеңилдетип, жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн арттырууда.
Уюмдун Камсыздандыруунун ордун толтуруу жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиевдин айтымында, ОСАГО полиси өткөн жылдан тартып милдеттүү камсыздандырууга айлангандан бери бул багытта бир топ иштер аткарылып, система кыйла өнүктү.

Анын маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы алты айында жарандардан түшкөн 1100 арыз каралып чыгып, анын негизинде жалпы 105,8 млн сом камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлгөн. Ал белгилегендей, уюм тарабынан акыркы бир жылда бардык камсыздандыруу багыттары боюнча жалпысынан 400 млн сомдон ашуун каражат төлөнүп берилсе, анын дээрлик 106 млн сому ОСАГО полисине туура келет.
“Салыштырып карасак, өткөн 2025-жылы 900 арыздын негизинде 86 млн сом кенемте төлөнгөн. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 4 млн 232 миң сомду түзгөн. Бул камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү да, кайрылгандардын саны да жылдан-жылга өсүп жатканын көрсөтөт”, - деди ал.
Осмоналиев түшүндүргөндөй, ОСАГО полиси мыйзамга ылайык айдоочунун үчүнчү жактын алдындагы жоопкерчилигин камсыздандырат. Башкача айтканда, жол кырсыгы катталганда үчүнчү тараптын мүлкүнө же ден соолугуна келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлөт. Бирок айдоочунун өзүнүн унаасына келтирилген чыгым ОСАГО аркылуу жабылбайт.

“Жарандар тарабынан “Эмне үчүн ОСАГО үчүнчү тарапка келтирилген зыянды жабат, ал эми өз унаабызга келтирилген чыгым камсыздандырылбайт?” деген суроолор берилип калат. Ошондуктан биз буга чейин ыктыярдуу негизде сунушталып келген КАСКО полисинин шарттарын жөнөкөйлөтүп, жарандар үчүн жеткиликтүү кылдык”, - деди адис.
Анын айтымында, КАСКО полиси аркылуу жарандын өзүнүн автоунаасы камсыздандырылат. Камсыздандыруу келишими унаанын базар баасына жараша түзүлүп, жол кырсыгы болгон учурда айдоочунун өзүнүн унаасына келтирилген чыгым да камсыздандыруу эсебинен төлөнөт. Ошол эле маалда бул полис мурдагыдай эле ыктыярдуу боюнча калтырылган.
Мурда КАСКО полисинин баасы жогору болгондуктан, уюм жаңы камсыздандыруу продуктуларын иштеп чыкты. Учурда жарандарга үч түрдүү пакет сунушталууда. Алар унаанын толук наркын камтыган “Толук КАСКО”, белгилүү бир суммага эсептелген “КАСКО Эконом” жана “КАСКО-Экстра”.
“Азыркы учурда негизги басым “КАСКО-Экстра” полисине жасалууда. Себеби, эгер жаран биздин уюмдан ОСАГО полисин сатып алса, анда ушул эле суммага жеңилдетилген шартта “КАСКО-Экстраны” да ала алат. Мындай учурда эки полис боюнча тең 150 миң сомго чейин камсыздандыруу төлөмү каралган. Бирок бул жеңилдик ОСАГО полиси бар жарандарга гана берилет”, - деп белгиледи Осмоналиев.

Ошондой эле ал жылдын алгачкы алты айында КАСКО үчүн жалпысынан 15 млн сомго жакын кенемте төлөнүп берилгенин маалымдады.
Башкармалыктын башчысы белгилегендей, камсыздандыруу маданияты Кыргызстанда акырындык менен калыптанып, жарандар анын артыкчылыктарын практика жүзүндө көрө баштады. Мунун натыйжасында ОСАГО жана КАСКО полистерин сатып алгандардын саны да, камсыздандыруу төлөмүн алган жарандардын саны да жыл сайын көбөйүүдө.
“ОСАГО полисинин жарактуу мөөнөтү бир жыл. Ошондуктан айдоочулар анын мөөнөтүн көзөмөлдөп, өз убагында жаңыртып турушу керек. Эгер мөөнөтү өтүп кетсе, полис жараксыз болуп калат”, - деп жыйынтыктады Азатбек Осмоналиев.
Уюмдун маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 352 миң 926 автоунаа ОСАГО боюнча камсыздандырылган. 2026-жылдын башынан бери 76 миң 827 транспорт каражаты камсыздандыруудан өткөн.
Эскерте кетсек, ОСАГОнун 1 жылдык баасы жеңил унаалар үчүн 1680 сомдон баштап, 2600–2800 сомдун тегерегинде.
Ал эми “КАСКО-Экстра” полисин алуунун баасы ОСАГО полисинин баасы канча болсо ошончо болот. Мисалы, ОСАГО 2 миң сомго алган жаран, “КАСКО-Экстраны” да 2 миң сомго алат. Эки учурда тең жарандарга 150 миң сомго чейин кенемтелер төлөнүп берилет.

Ал эми “КАСКО Эконом” полисинин баалары төмөндөгүдөй:
S пакети
- Баасы: жылына 7 000 сом;
- Камсыздандыруу төлөмү: 200 000 сомго чейин.
M пакети
- Баасы: жылына 8 750 сом;
- Камсыздандыруу төлөмү: 250 000 сомго чейин.
L пакети
- Баасы: жылына 10 500 сом;
- Камсыздандыруу төлөмү: 300 000 сомго чейин.
Келишим 6 айдан 1 жылга чейин түзүлүп, камсыздандыруу коргоосу Кыргызстандын аймагында колдонулат.
Белгилей кетсек, мекеменин уставдык капиталы 1 млрд 144 млн сомду түзөт. Бул каражат камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жүргүзүү үчүн финансылык кепилдик болуп эсептелет.