ОСАГО полиси жок айдоочуларга 5 айда 50 миңге жакын айып салынды

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 12:18
711588297_3859436720866165_4302553358743427871_n.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26 /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын башчысы, милициянын капитаны Нурлан Ниязбековдун айтымында, өлкөдө ОСАГО камсыздандыруу полисинин болушун көзөмөлдөө иштери үзгүлтүксүз уланууда.

WhatsApp Image 2026-07-01 at 12.16.07

Анын белгилешинче, айдоочуда милдеттүү камсыздандыруу полиси жок болсо, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 184-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык административдик протокол түзүлөт. Ага ылайык, жеке жактарга — 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

"Статистикага ылайык, 2026-жылдын алгачкы беш айында ОСАГО полисинин жоктугу үчүн жарандарга 50 миңге жакын айып пул салынды. Бүгүн, 1-июлда ОСАГО полиси бардык транспорт каражаттарынын ээлери үчүн милдеттүү талапка айланганына туура бир жыл болду. Мындан ары да рейддик текшерүүлөр жүргүзүлөт", — деди ал.

Нурлан Ниязбеков айдоочуларды камсыздандыруу полисин өз убагында тариздеп, анын мөөнөтү бүткөн учурда кечиктирбестен жаңыртып турууга чакырды.

"ОСАГО полиси — мыйзамда каралган милдеттүү талап. Андан тышкары, жол кырсыгы катталган учурда камсыздандыруу компаниясы үчүнчү жакка келтирилген материалдык чыгымдардын ордун мыйзамда белгиленген тартипте төлөп берет", — деп белгиледи ал.

Ошондой эле ал акыркы мезгилде өлкөдө жол кырсыктарынын саны азайып жатканын айтты. Анын айтымында, жол-транспорт кырсыктарынан каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны да акырындык менен кыскарууда.