Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы тарабынан 50 жаранга ОСАГО полиси боюнча 4 млн 198 миң 796 сомдук кенемте төлөнүп берилди.
Төлөм сертификаттарын жарандарга уюмдун Бишкек шаардык филиалынын директору Марат Кудайбергенов жана Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Саргашкаев тапшырды.
Марат Кудайбергеновдун айтымында борбор калаада жыл башынан бери 83 млн 170 миң сом төлөнүп берилген.
“Бүгүн 50 жаранга кенемте сертификаттары тапшырылып жатат. Арасынан 2-3 сертификат юридикалык жактарга тиешелүү болсо, калгандары жеке жактар болуп саналат. ОСАГО полисин алып, унааларды камсыздандырыңыздар”,-деди директор.