OpenAI ChatGPT’нин акысыз версиясына жарнама киргизүүдө

Дүйнө Загрузка... 18 Январь 2026 16:13
IMG_6542.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon OpenAI

Бишкек, 18.01.26. /Кабар/. OpenAI компаниясы ChatGPT кызматында жарнамаларды тестирлөөнү баштаганын жарыялады. Жарнамалар акысыз версиянын колдонуучуларына жана «Go» тарифине жазылгандарга көрсөтүлө баштайт. Ал эми Plus, Pro, Business жана Enterprise сыяктуу акы төлөнүүчү пландын ээлерине жарнама көрсөтүлбөйт. Бул тууралуу OpenAI компаниясына шилтеме берүү менен Kazinform билдирди.

Компаниянын маалыматы боюнча, жарнама аркылуу киреше табуу жазылуу үчүн акы төлөөгө даяр эмес колдонуучулар үчүн айрым чектөөлөрдү алып салууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, компания «ChatGPT Go» тарифин сервис иштеген бардык өлкөлөрдө жеткиликтүү кылууда. Ай сайын 8 доллар төлөө менен колдонуучулар билдирүүлөргө, сүрөт тартууга, файлдар менен иштөөгө жана чат-боттун эс тутумуна кеңейтилген лимиттерди алышат.

Тестирлөө алгач АКШда башталып, андан кийин башка өлкөлөргө жайылат. Жарнамаларды катталган жана жашы жеткен колдонуучулар гана көрө алышат. Жарнамалар ChatGPT берген жооптордун төмөн жагында пайда болот жана сурамдын темасына шайкеш келет. Алар негизги тексттен визуалдык түрдө так ажыратылып көрсөтүлөт.

OpenAI жарнамалар нейротүйүндүн жооп берүү сапатына таасир этпейт деп кепилдик берет. Жазышуулар купуя бойдон калат — жарнама берүүчүлөр аларга кирүү мүмкүнчүлүгүн алышпайт. Орнотуулар бөлүмүндө жарнаманы жекелештирүүнү башкарууга, айрым жарнамаларды жашырууга же акы төлөнүүчү тарифке өтүү менен жарнаманы толугу менен өчүрүп коюуга болот.

Тестирлөө учурунда система жашы жете электерге жарнама көрсөтпөйт жана ден соолук, психологиялык абал жана саясат сыяктуу сезимтал темалардагы баарлашууларда жарнама чыгарууну чектөөгө алат.