Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Олимпиада оюндарына билеттердин баасы 28 доллардан башталат. Бул тууралуу Коммерсант гезити жазды.
Маалыматка караганда, Лос-Анжелес-2028 уюштуруу комитети жеңүүчүлөргө оюндарга билеттерди сатып алуу үчүн лотерея өткөрөт. Билеттердин миллионго жакыны 28 доллардан сатылат. Билеттердин жалпы санынын болжол менен үчтөн бир бөлүгү 100 доллардан төмөн баада сатылат.
Күйөрмандар ачылыш жана жабылыш аземдерин кошо алганда, бардык олимпиадалык иш-чараларга билеттерди утуп алуу үчүн лотереяга катыша алышат. Алар март айынын ортосуна чейин атайын веб-сайтта катталып, аты-жөнүн, электрондук почта дарегин жана почта индексин көрсөтүшү керек. Сатуулардын биринчи этабы 9-апрелде башталып, 19-апрелде аяктайт.
Лос-Анжелес жана Оклахома-Сити шаарларынын тургундары үчүн алдын ала билеттерди сатып алуу үчүн атайын терезе ачылат.
Эске салсак, 2028-жылкы Олимпиада оюндары 14-июлдан 30-июлга чейин өтөт.