Олимпиада - 2026. Норвегия 34 медаль менен алдыда баратат

Дүйнө Загрузка... 20 Февраль 2026 09:10
WhatsApp Image 2026-02-20 at 08.41.11.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарларында өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарынын дагы бир күндүк мелдешинен кийин, Норвегия медалдардын саны боюнча ишенимдүү түрдө лидерлигин сактап келе жатат.

Интерфакс маалымдагандай, Норвегиянын куржунунда 16 алтын, 8 күмүш жана 10 коло медаль бар.

АКШ 9 алтын, 12 күмүш, 6 коло менен экинчи орунда, ал эми Италия үчүнчү орунга жайгашууда. Алар 9 алтын, 5 күмүш, 12 коло медаль утту.

Олимпиада оюндары 22-февралда аяктайт. Мелдештер 6-февралда башталган.