Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Борбор калаада курулуп жаткан Old Bishkek комплексинин 3-кабатын бузуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, эскиздик долбоорго ылайык, имарат эки кабаттуу болуп кайра баштапкы абалына келтирилүүдө.
“Бүгүнкү күндө Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан Old Bishkek имаратынын курулушу көзөмөлгө алынган. Курулушту эскиздик долбоордо көрсөтүлгөн абалга келтирүү боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат. Анткени долбоордо эки кабаттуу имарат көрсөтүлгөндүктөн, бүгүнкү күндө үчүнчү кабат алынууда. Объектти ишкерлер жаз айларында бүтүрүүнү пландашкан. Бирок азыр пландан бир аз кечигип жатышат. Жай айларына чейин объект курулуп бүтөт”, - деди ал.
Ошондой эле министр жер өтмөккө эскалаторлорду орнотуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.
“Коопсуздук боюнча эч кандай маселе жок. Эскалаторлор орнотулууда. Жумуш бүткөнгө чейин кандайдыр бир ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн”, - деди Орунтаев.