Тамактан кийинки кыймыл ден соолукка пайдалуу – окумуштуулар

Дүйнө Загрузка... 27 Февраль 2026 10:10
9ace541f-1a2a-421d-9d3a-5234c4688aa0.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Тамак ичүү организмге энергия берүү менен эле чектелбестен, андагы бир катар физиологиялык процесстерди иштетет. Айрыкча алгачкы мүнөттөрдө денеде жана мээде активдүү өзгөрүүлөр жүрөт. Мындай жыйынтыкка тамак сиңирүү процесси, кандагы канттын деңгээли жана ичеги менен мээнин өз ара байланышын изилдеген окумуштуулар келишкенин “National Geographic” журналы жазды.

Маалыматка ылайык, адистердин айтымында, тамактан кийин организм “эс алуу жана сиңирүү” режимине өтөт. Бул маалда ичеги-карын менен мээ тыгыз байланышта иштеп, бири-бирине сигнал жөнөтөт. Тамактагы углеводдор, майлар жана белоктор глюкозага, май кислоталарына жана аминокислоталарга ажырап, канга сиңет. Дал ушул учурда жеңил кыймылдоо, мисалы, жай басуу абдан пайдалуу.

АКШдагы Джордж Вашингтон университетинин адиси Лоретта ДиПьетронун айтымында, тамактан кийин кыймылдоо кандагы канттын деңгээлин жөнгө салууга жардам берет. Булчуңдар иштегенде, алар кандагы кантты клеткаларга жеткирүүгө көмөктөшөт. Мунун артыкчылыгы — бул процесс инсулинге толук көз каранды эмес. Ошондуктан улгайган адамдарга же инсулинге туруктуулугу бар жарандарга кыймыл өзгөчө пайдалуу.

Ал эми Йель университетинин профессору Жеральд Шульмандын айтымында, кыймылдоо инсулин начар иштеген учурда да глюкозанын клеткага киришине шарт түзөт. Бул, өз кезегинде, уйку безине түшкөн жүктү азайтып, кант диабети жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун төмөндөтүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, тамактан кийин басуу кан айланууну жакшыртып, ичеги-карын менен мээнин ортосундагы байланыштын активдүүлүгүн колдойт. Окумуштуулар бул байланыш адамдын токчулук сезимине, маанайына жана эмоциясына да таасир этерин белгилешет.

Адистердин айтымында, тамактан кийинки кыймылдын пайдасы дароо эле байкала баштайт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, 10-15 мүнөт жай басуу кандагы канттын кескин көтөрүлүшүн азайтууга жетиштүү. Ал тургай узак убакыт отурган адамдар үчүн да 2-5 мүнөттүк жеңил басуу сунушталат.

Жыйынтыктап айтканда, тамактан кийинки кыска сейилдөө дары-дармектин ордун баса албайт. Бирок ден соолукка чоң пайда алып келе турган жөнөкөй адат болуп саналат. Эгер сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк болбосо, үй ичинде кыймылдоо — идиш жуу, тепкичтен чыгуу же жөн гана басуу да жетиштүү.