Жерде жок минерал: Окумуштуулар Марстан жаңы зат табышты

Дүйнө Загрузка... 11 Март 2026 11:22
WhatsApp Image 2026-03-11 at 10.48.07.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Окумуштуулар Марста мурда белгисиз болгон жаңы минерал табылганын билдиришти. Бул тууралуу ScienceDaily сайтына таянып, Известия басылмасы жазды.

Изилдөөчүлөр Марстагы ири каньон Valles Marineris аймагынан өзгөчө темир сульфатын аныкташкан. Окумуштуулардын божомолунда, бул зат Марстагы байыркы доордогу суулардын калдыктарынан пайда болушу мүмкүн.

Алардын айтымында, табылган зат темирдин сейрек кездешкен түрү феррик-гидроксисульфат болушу ыктымал. Эгер бул маалымат ырасталса, анда ал Жерде мурда катталбаган жаңы минерал болуп калат.

Марста күкүрт көп болгондуктан, сульфат минералдары кеңири кездешет. Жерде мындай заттар суу менен бат эрип кетсе, Марстын кургак шартында миллиарддаган жылдар бою сакталып тура берет. Ошондуктан алар планетанын байыркы шарттары тууралуу маанилүү маалымат бере алат.

Ошондой эле бул ачылыш далилденсе, Марстын геологиялык тарыхын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.