Окумуштуулар келгин куштардын узакка созулган каттамынын сырын ачышты

Дүйнө Загрузка... 29 Июнь 2026 10:00
1782584856369927791_1200x630.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Швециянын Лунд университетинин окумуштуулары айрым келгин куштардын Африкага кышташ үчүн миңдеген чакырым ашыкча жол басып өтүшүнүн себебин аныкташты. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги билдирди.

Science журналына жарыяланган изилдөөгө ылайык, адистер Англиядан тартып Сибирдин Томск шаарына чейинки аймактарда байырлаган кара-ала чымынчы кушунун сегиз популяциясына атайын жарык датчиктерин тагып, алардын миграциялык багыттарына байкоо жүргүзүшкөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, бул куштар каяктан учпасын, алгач Гибралтарга, андан соң Африканын батыш жээгин бойлой учуп, андан кийин гана кыштоочу жайларына багыт алары белгилүү болгон. Мисалы, Томск шаарындагы куштар Чыгыш Африкага жетүү үчүн эң кыска жолдон 4,5 миң чакырымга узак болгон 12 700 чакырымдык аралыкты учуп өтүшөт.

Окумуштуулардын айтымында, мунун себеби акыркы муз доорунан калган генетикалык эс-тутумга байланыштуу. Ал кезде куштардын түпкү теги Пиреней жарым аралында (Испаниянын аймагында) жашап, кийинчерек Сибирге чейин тараган. Бирок алардын байыркы миграциялык программасы сакталып калгандыктан, алар дагы деле алгач Испания тарапка учушат.

Ал эми жазында уя салуучу жайларына кайтып жатканда куштар топтолгон тажрыйбасына таянып, түз каттамдар менен кайтышат. Изилдөөчүлөр бул ачылыш келгин куштардын климаттын өзгөрүшүнө кантип ыңгайлашарын тереңирек түшүнүүгө жардам берерин белгилешет.