Окумуштуулар кан агууну көз ирмемде токтотуучу порошок ойлоп табышты

Дүйнө Загрузка... 10 Июль 2026 14:50
WhatsApp_Image_2026_Fw5ZCqL.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Изилдөөчүлөр кан агууну заматта токтото турган өзгөчө порошок (AGCL) ойлоп табышты. Бул тууралуу Advanced Functional Materials эл аралык илимий журналына шилтеме берүү менен Казинформ жазды.

Бул каражат терең жана тегиз эмес жарааттардан кан агууну тез арада токтотууга багытталган.

Жаңы каражат жараатка себилгенде кандагы кальций менен аралашып, 1 секунддун ичинде жабышкак гелге айланат. Ал жараатты бекем бекитип, канды токтотот.

Кадимки пластырлардан айырмаланып, каалаган тереңдиктеги жарааттын ичин толук толтура алат жана өз салмагынан 7,25 эсе көп канды сиңирет. Бөлмө температурасында сапатын жоготпой 2 жылга чейин сакталат.

Жаныбарларга жасалган тажрыйбада бул порошок медицинада колдонулуп жүргөн каражаттарга караганда канды бир топ тез токтотуп, жарааттын айыгышын (теринин жана кан тамырлардын жаңыланышын) тездеткен.

Учурда бул илимий ачылыш изилдөө стадиясында турат. Ал тез жардам жана хирургия чөйрөсүнө киргизилгенге чейин адамдарга колдонуу үчүн коопсуздугу текшерилип, кошумча сыноолордон өтүшү керек.