Окумуштуулар: Кайра иштетилген азыктар балдардын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизет

Дүйнө Загрузка... 06 Март 2026 12:30
WhatsApp Image 2026-03-06 at 09.53.55.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.26 /Кабар/. Торонто университетинин окумуштуулары эрте куракта кайра иштетилген азыктарды көп колдонуу балдардын эмоционалдык өнүгүүсүнө таасир этиши мүмкүн экенин аныкташты. Бул тууралуу Medical Xpress журналына таянып, Известия жазды.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, мындай азыктарды көп жеген балдарда тынчсыздануу, коркуу, агрессия жана гиперактивдүүлүк сыяктуу жүрүм-турум жана эмоционалдык көйгөйлөр көбүрөөк кездешери белгилүү болду.

Адистер белгилегендей, мектепке чейинки курак баланын өнүгүүсүндө абдан маанилүү. Дал ушул мезгилде балдардын тамактануу адаттары калыптана баштайт.

Окумуштуулар CHILD аттуу узак мөөнөттүү изилдөө менен үч жаштагы 2 миңден ашуун баланын тамактануу режимине байкоо жүргүзүшкөн. Балдар беш жашка чыкканда алардын жүрүм-туруму Child Behavior Checklist шкаласы аркылуу бааланган.

Жыйынтыгында кайра иштетилген азыктарды колдонуу ар 10%га көбөйгөн сайын балдардагы жүрүм-турум көйгөйлөрүнүн көрсөткүчтөрү да жогорулай турганы аныкталган.

Окумуштуулар рациондогу майда өзгөрүүлөр да баланын өнүгүүсүнө оң таасир бериши мүмкүн экенин белгиледи. Мисалы, таттуу суусундуктун ордуна суу ичүү же рационго жемиш кошуу пайдалуу. Изилдөөдө кайра иштетилген азыктардан алынган калориянын 10% мөмө-жемиш, жашылча сыяктуу аз иштетилген азыктар менен алмаштыруу балдардын жүрүм-турумун жакшыртканын көрсөткөн.

Адистер бул изилдөө үй-бүлөдөгү тамактануу маданиятынын маанисин дагы бир жолу далилдей турганын белгилешет. Алардын айтымында, рациондо табигый жана аз иштетилген азыктарды көбөйтүү балдардын эмоционалдык жана жүрүм-турумдук өнүгүүсүнө оң таасир тийгизет.

Мындан тышкары Science Daily журналы кайра иштетилген азыктар жүрөк ооруларынын коркунучун да жогорулатарын билдирген. Изилдөөгө ылайык, мындай азыктарды көп колдонгон адамдарда инфаркт жана инсульт коркунучу 47%га жогору экени аныкталган.