Окумуштуулар: Эль-Ниньо күчөсө дүйнөдө аба ырайы кескин өзгөрөт

Дүйнө Загрузка... 19 Март 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-03-19 at 09.19.52.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. Адистер дүйнөнүн ар кайсы аймактарында аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө. Себеби, Эль-Ниньо климаттык кубулушу 2026-жылдын аягында кайрадан башталышы ыктымал. Бул тууралуу BILD басылмасына таянып, Казинформ билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кубулуш Тынч океандын экваторго жакын бөлүгүндөгү суунун жылышы менен байланыштуу. Ал адатта 2-7 жылда бир кайталанып, бүткүл дүйнөнүн климатына таасир этет.

Метеоролог Доминик Юнг төмөнкүлөргө токтолгон:

"Эль-Ниньо катталган жылдары аба ырайы кескин өзгөрүп, кургакчылык, сел жана адаттан тыш ысык байкалат. Ал эми 10-15 жылда бир кайталанган супер-Эль-Ниньо учурунда Тынч океандын суусунун температурасы эки градустан ашык жогорулап, анын дүйнөгө тийгизген таасири күчөйт",-деген ал.

Климатолог доктор Карстен Брандт кошумчалагандай, бул кубулуштун туу чокусу 2026-жылдын ноябрь айларында күтүлүп, эң күчтүү таасири 2027-жылдын январында байкалышы мүмкүн.

Анын айтымында, Эль-Ниньо жылдары дүйнөдө аба ырайы олуттуу өзгөрүп, табигый кырсыктар көбөйүп, кыйроолорго жана экономикалык чыгымдарга алып келиши мүмкүн.

Кесепеттери төмөндөгүдөй болушу ыктымал:

  • Түндүк Америка: АКШнын батышында рекорддук ысык, кургакчылык катталып, токой өрттөрүнүн коркунучу жогорулайт.
  • Түштүк-Чыгыш Азия: Филиппин, Кытай жана Японияда тайфундар болушу мүмкүн.
  • Австралия, Индонезия, Чыгыш Африка, Кариб деңизи аймагы: катуу ысык жана кургакчылык күтүлөт.
  • Перу жана Эквадор: нөшөрлөгөн жаан-чачын жана сел жүрүшү мүмкүн.
  • Түштүк Американын, Африканын жана Жакынкы Чыгыштын тропикалык аймактары: нымдуулук жогорулап, өтө ысык болот.

Адистер белгилешкендей, Эль-Ниньо атмосферадагы агымдарга таасир берип, шамалдардын багытын, жаан-чачынды жана температураны дүйнө жүзү боюнча өзгөртөт. Супер-Эль-Ниньо учурунда бул кесепеттер өзгөчө күчтүү болуп, жаңы климаттык рекорддор коюлушу мүмкүн.