Бишкек, 14.01.26 /Кабар/. Окумуштуулар уйкунун жетишсиздиги адамдын өмүрүнүн узактыгына олуттуу таасирин тийгизерин аныкташты. Орегон штатынын Саламаттык сактоо жана илим университетинин (OHSU) адистеринин изилдөөсүнө ылайык, күн сайын 7 сааттан аз уктаган адамдардын жашоо узактыгы кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу Science Daily журналына таянып, Известия маалымдады.
Анда белгиленгендей, изилдөөнүн алкагында АКШнын бардык штаттарын камтыган улуттук маалымат базасы талдоого алынган. Окумуштуулар округдар боюнча орточо жашоо узактыгын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) жүргүзгөн сурамжылоолордун жыйынтыктары менен салыштырышкан. Маалыматтар 2019–2025-жылдарды камтыган.
Анализдин жыйынтыгында уйку жашоо узактыгына таасир эткен эң маанилүү факторлордун бири экендиги аныкталган. Анын таасири туура тамактануу, физикалык активдүүлүк жана социалдык обочолонууга караганда да күчтүү болуп чыккан. Уйкудан да күчтүү таасир этүүчү фактор - бул тамеки тартуу.
Изилдөөнүн жетекчи автору, доцент Эндрю Макхиллдин айтымында, уйку менен өмүрдүн узактыгынын ортосундагы байланыш күтүлгөндөн да күчтүү.
“Биз уйку маанилүү экенин билчүбүз, бирок бул изилдөө адамдар мүмкүн болушунча күнүнө 7–9 саат укташы керек экенин ачык көрсөттү”,-деген ал.
Изилдөөдө белгиленгендей, дээрлик бардык штаттарда жана байкоо жүргүзүлгөн бардык жылдарда төмөндөгүдөй бир эле көрүнүш кайталанган: дайыма аз уктаган адамдардын үлүшү көп болгон аймактарда жашоо узактыгы төмөн болгон. Биологиялык себептер өзүнчө изилденбегени менен, окумуштуулар уйку жүрөк-кан тамыр системасынын, иммунитеттин жана мээнин иштеши үчүн абдан маанилүү экенин белгилешкен.