Окумуштуулар Антарктикадагы муздун эриши тездеп жатканын эскертүүдө

Дүйнө Загрузка... 09 Март 2026 14:20
ledenaya_antarktida.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Frontiers in Environmental Science журналына жарыяланган жаңы изилдөө Антарктика жарым аралындагы климат мурда болжолдонгондон алда канча тез өзгөрүп жатканын ачыктады. Бул тууралуу Россиянын улуттук "Экология" маалымат агенттиги билдирди.

Изилдөөдө белгиленгендей, бул дүйнөлүк океандын деңгээлине жана глобалдык экосистемаларга олуттуу коркунуч жаратат.

Негизги кооптуу жагдайлардын бири аба ырайынын өтө ысышы. Эгерде биз абаны булгаганды токтотпосок, кылымдын аягына чейин ал жактагы температура 4 градуска чейин көтөрүлөт. Бул муздар үчүн абдан чоң жана кооптуу көрсөткүч. Кардын ордуна жылуу жамгыр жаап, муздун бетинде көлчүктөр пайда болот. Бул суулар муздарды бат эле эритип салат жана муз платформаларынын бузулушун тездетет.

Антарктикадагы эң чоң муз кабаттары Larsen C жана Wilkins ураса, океандагы суунун деңгээли дагы 7,5 миллиметрге көтөрүлөт. Бул жээктеги шаарларды суу каптайт дегенди түшүндүрөт.

Дагы бир кооптуу жагдай, деңиз музунун азайышы океандагы азык чынжырынын негизи болгон криллдердин (майда рак сымалдар) жоголушуна жана жаңы түрлөрдүн пайда болушуна себеп болот.

Изилдөөчүлөр Антарктиканын келечеги дүйнөлүк коомчулуктун жакынкы жылдардагы климаттык саясатынан түздөн-түз көз каранды экенин эскертишет. Муздун эрүүсү кемелердин каттамын жеңилдеткени менен, логистика жана туризм үчүн жаңы экологиялык чакырыктарды жаратат.