Дөө Чыңгыздын кылмыштуу тобунун мүчөсү курал менен кармалды

Укук тартиби Загрузка... 30 Сентябрь 2025 10:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тапанча жана ок-дары сактагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги мурда Дөө Чынгыздын уюшкан кылмыштуу тобуна кирген жаран жанында белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагында жаран 1989-жылы туулган Т.Б. кармалган.

Кароо учурунда шектүүдөн номуру өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча жети огу менен табылып алынган.

Учурда кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.