Облус башчысы Жалал-Абад шаарындагы өндүрүштүк ишканаларды кыдырды

Аймак Загрузка... 28 Март 2025 08:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү

Бишкек 28.03.25 /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарында жайгашкан бир катар өндүрүштүк ишканаларды кыдырды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал алгач "Келечек" ААКтын минералдык суусундуктарды чыгаруучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бүгүнкү күндө аталган завод өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу боюнча кошумча кеңейтүү иштерин алып барууда. Мындан сырткары, мекемеге автоматташтырылган технологиялык жабдыктар орнотулуп, 250 адам жумуш орду менен камсыздалган.

Андан соң облус башчысы "Двойняшки" ири кондитердик фабрикасынын жаңыдан курулуп, ачылуу алдында турган ишканасына барды.

Учурда фабрика кеңейтилип, миң адамга чейин жумуш орду менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ишканага заманбап жабдуулар орнотулуп, санитардык эрежелерди сактоо шарттары түзүлгөн.

Өкүл жаңы завод-фабрикалардын ишке берилүүсү аймактын социалдык-экономикалык кубаттуулугун жогорулатууга шарт түзөөрүн айтып, жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо аракеттери улантылаарын кошумчалады.