Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Нью-Йорк штатынын Саламанка шаарындагы мектепте ушул жылдын сентябрь айынан тарта жогорку класстын окуучуларына "Салли" деп аталган жасалма интеллекттүү робот сабак өтүүгө көмөктөшө баштайт. Бул тууралуу New York Post басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ агенттигинин Вашингтондогу өздүк кабарчысы билдирди.
Баасы 57 миң долларлык робот-гуманоид мугалимдин жардамчысы катары колдонулат. "Саллинин" чачы күрөң, териси латекстен жасалып, колдорун кыймылдата алат. Бирок ал класс ичинде өз алдынча басып жүрө албайт.
Алгачкы этапта "Салли" программалоо, робототехника жана жасалма интеллект сабактарында гана колдонулмакчы. Роботту иштеп чыккан Realbotix компаниясы жана мектеп жетекчилиги "Салли" эч качан жандуу мугалимди алмаштырбай турганын, ал болгону окуучулардын заманбап технологияларга болгон кызыгуусун арттыруучу кошумча курал катары кызмат кыларын белгилешти.
Эске салсак, буга чейин Кытай адам сымал роботторду иштеп чыгуу боюнча дүйнөдө лидерликке чыкканы кабарланган.