Нью-Делиде темир жол бекетиндеги тыгындан 18 адам каза болду

Дүйнө 17 февраль 2025 10:10
WhatsApp Image 2025-02-17 at 06.53.31.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-17 at 06.55.14.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-17 at 06.55.14 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-17 at 06.53.31.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-17 at 06.55.14.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-17 at 06.55.14 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Нью-Делиде темир жол бекетиндеги тыгындан 18 адам каза болду. Бул тууралуу “Синьхуа” кабарлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, темир жол бекетинде поезддердин кечигүүсүнөн улам адамдар көп чогулган. Платформалардын биринде атайын поезддин келиши менен чаташуулар болуп, адамдар башка перронго чуркап, бири-бирине жыгылган.

Курман болгондордун көбү Индиянын түндүгүндөгү Праяграж шаарындагы Маха Кумбх фестивалына бара жаткан жана кайткан индус зыяратчылары болгон.