Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Норвегиянын Илим жана технология университетинин изилдөөсү көрсөткөндөй, мектептерде уюлдук телефонго тыюу салуу оң натыйжа берди. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазды.
Телефонго тыюу салынгандан кийин окуучулар тыныгуу учурунда бири-бири менен көбүрөөк баарлаша баштаган.
Белгиленгендей, 2024-жылдан тарта Норвегиянын башталгыч жана орто мектептеринде телефон колдонууга чектөө киргизилген. Билим берүү министри Кари Несса Нордтун бул чара окуучулардын коопсуздугу үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Ошону менен бирге, бийлик өкүлдөрү телефонго тыюу салуу мектептеги кодулоо көйгөйүн толук чечпесин, бул маселеде ата-энелер менен мектептин тыгыз кызматташуусу зарыл экенин эскертет.