Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Норвегия курама командасы Бразилияны 2:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Нью-Йоркто өткөн беттеште норвегиялык чабуулчу Эрлинг Холанд дубль жасап (79, 90-мүнөттөрдө), командасына жеңиш алып келди. Ал эми Бразилиядан Неймар кошумча убакытта (90+10) пенальтини так аткарды.
Белгилей кетсек, беттештин 14-мүнөтүндө бразилиялык Бруно Гимарайнс 11 метрлик айып соккусун киргизе албай калган.
Ушуну менен Норвегия өз тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатынын чейрек финалына жолдомо алды. Ал эми 5 жолку дүйнө чемпиону Бразилия акыркы 36 жылда алгачкы ирет чейрек финалга өтпөй калды.
Эми чейрек финалда Норвегия курамасы Мексика – Англия беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.