Ноокатта опузалап акча алган аскер кызматкери колго түштү

Укук тартиби 29 апрель 2026 18:30
Ноокатта опузалап акча алган аскер кызматкери колго түштү
copyright icon УКМК

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Опузалап акча талап кылган Ноокат райондук аскер комиссариатынын аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында опузалап талап кылынган акча каражатын алуу учурда Ноокат райондук аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы С.у.М.ны кармалды. Кармоо иштери Ош гарнизонунун аскер прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Кармалган С.у.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.