Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. 18–21-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында залкар күүчү, улуу устат жана чебер аткаруучу Ниязалы Борош уулунун 170 жылдык мааракесине арналган республикалык кароо-сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.
Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында өткөрүлөт.
Кароо-сынактын негизги максаты — Ниязалы Борош уулунун бай чыгармачылык мурасын сактоо жана жайылтуу, кыргыз элинин салттуу комузчулук жана күүчүлүк өнөрүн өнүктүрүү, жаш комузчулардын аткаруучулук чеберчилигин жогорулатуу жана залкардын сейрек аткарылган күүлөрүн кийинки муундарга жеткирүү.
Сынакка 17 жаштан жогорку курактагы комузчулар катыша алышат. Катышуучулар эки турда өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Биринчи турда белгиленген репертуардан эки күү аткарылса, экинчи турда Ниязалы Борош уулунун "Сурнай күү" чыгармасын милдеттүү түрдө аткаруу жана башка тандалган күүлөрдү музыкалык коштоодо чертүү каралган.
Сынактын программасы:
- 18-ноябрь — биринчи тур;
- 20-ноябрь — экинчи тур;
- 21-ноябрь — жеңүүчүлөрдү аныктоо, сыйлоо аземи жана гала-концерт.
Катышуучулардын аткаруучулук чеберчилиги, күүнүн мазмунун ачып берүү жөндөмү, музыкалык тактыгы жана сахна маданияты кесипкөй калыстар тобу тарабынан бааланат.
Сынактын жыйынтыгында Баш байге, I, II, III байгелер жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.
Катышуу үчүн табыштамалар 2026-жылдын 7-ноябрына чейин кабыл алынат.
Бул республикалык кароо-сынак кыргыздын кылымдарды карыткан комуз өнөрүн даңазалоого, улуу устаттын музыкалык мурасын кеңири жайылтууга жана улуттук күүчүлүк салттын муундан муунга уланышына өбөлгө түзөт.
Кошумча маалымат жана катталуу үчүн:
Ирина Суеркулова: 0700 075 274, 0500 382 696
Бекайым Жусупова: 0507 192 618