Нипах вирусунун Индиядан башка өлкөлөргө жайылуу коркунучу төмөн - ДССУ

Дүйнө Загрузка... 28 Январь 2026 15:21
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Нипах вирусунун Индиянын чегинен тышкары жайылуу коркунучу учурда төмөн. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Россиядагы кеңсесинен билдиришти.

Кеңседен белгилешкендей, ДССУ Батыш Бенгалияда катталган Нипах вирусун жуктурган эки тастыкталган учурга байланыштуу кырдаалга кылдат көз салууда.

"Эки учур тең обочолонтулуп, алар менен байланышта болгондорго масштабдуу көзөмөл жүргүзүлдү. Аныкталган 200гө жакын байланышта болгон адамдардын тесттери терс жыйынтык көрсөттү. Бүгүнкү күндөгү маалыматка таянып, ДССУ инфекциянын бул учурлардан ары жайылуусун, анын ичинде Индиянын чегинен тышкары чыгуу тобокелдигин төмөн деп баалайт", — деп билдиришти агенттикке.

Январь айынын ортосунда Индиянын чыгышындагы Батыш Бенгалия штатынын бийлиги эки медициналык кызматкер Нипах вирусун жуктурганын кабарлаган. Ооругандар өздөрү иштеген Барасат ооруканасындагы изолятордо жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган абалда жатышат. Батыштын жалпыга маалымдоо каражаттары ооругандардын саны өсүп жатканын айтышканы менен, Индия бийлиги вирус жуктурган жаңы учурлар тууралуу кабарлай элек.

ДССУ Нипах вирусун дүйнөдөгү эң кооптуу вирустардын бири деп эсептейт, анткени ага каршы дары же вакцина жок. Нипах дене табынын көтөрүлүшүн жана энцефалопатияны — мээ клеткаларынын жабыркап, өлүшүн пайда кылат. Ал эми өлүм көрсөткүчү 40 пайыздан 75 пайызга чейин жетет. Вирус учуучу түлкүлөр жана чычкандар аркылуу тарайт, адамдар көбүнчө оорулуу жаныбардын шилекейи тийген жемиштерди жегенде жугузуп алышат.

Ошондой эле вирус үй жаныбарларына да өтүшү мүмкүн. Нипах аба аркылуу дээрлик жукпайт, ал үчүн инфекцияланган организмдин суюктуктары менен түздөн-түз байланыш болушу шарт.