Нигерияда туткунга алынган 130 окуучу бошотулду

Дүйнө Загрузка... 22 Декабрь 2025 13:03
WhatsApp Image 2025-12-22 at 10.38.28.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. Нигерияда католик мектебинен туткунга алынган 130 окуучу бошотулду. Бул тууралуу Нигериянын президенти Бола Тинубунун басма сөз катчысы Сандэй Даре билдиргенин Известия жазды.

Анын айтымында, Нигер штатынан уурдалган бардык окуучулар толугу менен бошотулуп, учурда туткунда эч ким калган жок.

Буга чейин Associated Press агенттиги 22-ноябрда Нигериянын батышындагы католик мектебине куралчан адамдар кол салып, 200дөн ашуун окуучуну жана 12 мугалимди туткунга алышканын кабарлаган.

Ошондой эле 50 окуучу качып чыгып, ата-энелерине жеткени кабарланган.