Нигерияда шахтага куралдуу кол салуудан 12 адам каза болду

Дүйнө 18 декабрь 2025 09:40
Нигерияда шахтага куралдуу кол салуудан 12 адам каза болду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Нигериянын Плато штатында шахтачыларга куралдуу кол салуу болду, деп билдирет Анадолу агенттиги.

Маалыматка караганда, Фан районундагы шахтада иштеген жаш шахтачыларга куралчан адамдар кол салган.

Анда 12 адам каза таап, дагы үчөө уурдалгандыгы айтылды.

Нигериянын профсоюздары өлкөдөгү коопсуздук кырдаалынын начарлашына каршы чара көрүүнү талап кылып, нааразычылык акциясын өткөрүштү.