Бишкек, 21.10.26 /Кабар/. Нигерияда Эбола вирусун жуктуруунун биринчи учуру катталды. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Маалыматка ылайык, вирус жуктурган бейтап 44 адам менен байланышта болгон.
Вирус аныкталган адам Угандадан учак менен Нигерияга келген. Учурда ал өлкөнүн борбору Абуджа шаарындагы жеке клиникалардын биринде дарыланууда.
Нигериянын өкмөтү өлкөдөгү бардык медициналык мекемелерди эпидемиологиялык кырдаалга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Эбола вирусунун жайылышы 2026-жылдын май айында Конгодо башталган. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө вирусту жуктуруунун 9,4 миңден ашык учуру катталып, 4,5 миңден ашуун адам каза болду. Оору өлкөнүн сегиз провинциясына жайылган.