Нидерландыда камдалган газдын запасы дээрлик түгөндү

Дүйнө Загрузка... 12 Март 2026 12:53
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Нидерландыдагы газ сактоочу жайлардын толуктугу болгону 9 пайызды түзөт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине өлкөнүн Gasunie газ транспорттук компаниясынын өкүлү Мари-Лу Грегуар билдирди.

Маалыматка ылайык, февраль айында эле Нидерландыда газдын запасы тарыхый эң төмөнкү деңгээлге түшүп, 11 пайызды түзгөнү кабарланган. Учурда бул көрсөткүч дагы төмөндөп, 9 пайызга түштү.

Компаниянын өкүлүнүн айтымында, Нидерландыда кышкы сезон аяктап калды, ал эми камдалган запастар дал ушул мезгилге эсептелген болчу.