Бишкек, 12.01.26 /Кабар/. Непалдын борбору Катманду шаарында падышачылыкты кайра орнотууну талап кылган митинг өттү. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Известия билдирди.
Анда белгиленгендей, Непалдын акыркы падышасы Гьянендра 2008-жылы тактан баш тарткан. Ошол жылы өлкөдө падышачылык жоюлуп, Непал республика болгон.
Падышалыкты жактагандар сентябрь айындагы жаштардын массалык нааразылыгынан кийин көчөгө чыгышты. Ал нааразылыктардын жыйынтыгында убактылуу өкмөт түзүлүп, жаңы шайлоо дайындалган.
Белгилей кетсек, буга чейин да Непалдагы падышачылыкты колдогон митингдер жаңжалга айланып, андан эки адам каза болгон.
Ошондой эле 2025-жылдын сентябрында Непал өкмөтү айрым ири социалдык тармактарга тыюу салгандан кийин өлкөдө массалык нааразылыктар башталган. Ошол окуялардан кийин премьер-министр Шарма Оли кызматтан кеткен.