Непалда кекчил пил бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсүн аңдып жүрүп өлтүрдү

Дүйнө Загрузка... 09 Июль 2026 13:20
1783342444243548239_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Непалдагы улуттук парктын Дхурбе каймана аттуу жапайы пили бир үй-бүлөнү 14 жыл бою артынан калбай аңдып, алардын төрт мүчөсүнүн өмүрүн алды. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазып чыгышты.

Жергиликтүү тургун Шаничара Боте 2012-жылы бул пилдин айынан ата-энесинен айрылган. Ал коркконунан үй-жайын сатып, чоң дарыядан өтүп, таптакыр башка айылга көчүп кеткен. Бирок, арадан 14 жыл өткөндөн кийин кекчил пил алардын жаңы үйүн баары бир таап келип, анын 25 жаштагы келинин жана 4 жашар кичинекей небересин тебелеп өлтүргөн. Айласы кеткен үй-бүлө эми кайда качарын билбей жатат.

Бул пил 2010-жылдан бери жалпысынан 25 кишини, анын ичинде өзүн атууга жиберилген эки аскерди да тебелеп салган. 2012-жылы аскерлер аны аткылап, оор жарадар кылышкан. Пил токойго качып кирип, өлүп калды деп эсептелген. Бирок бир нече жылдан кийин кайра эле пайда болгон.

Пилдин мойнуна кайда жүргөнүн картадан көрсөтүп туруучу атайын электрондук аппарат үч жолу тагылган. Кандуу окуя болгон түнү да спутник пилдин так ошол кырсык болгон үйдүн жанында жүргөнүн көрсөтүп турган.

Жергиликтүү элдин айтымында, бул пил күзүндө жана кышында эл түшүм жыйнап жатканда айылдарга кол салып, күрүч уурдап жеп көнүп алган.

Учурда улуттук парктын жетекчилиги мындай кандуу окуяларды болтурбоо үчүн пилдин баскан-турганын компьютерден убагында карап турууну жана аны токойдун борборунан сыртка чыгарбай, биротоло камакта кармоо чараларын көрүүнү убада кылды.