Бишкек, 13.03.26 /Кабар/. АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос агенттиги (NASA) Айга багытталган “Артемида-2” миссиясын 1-апрелде учурууну пландап жатат. Бул — акыркы 50 жыл ичиндеги адам катышкан алгачкы айга багытталган учуу болот. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, үч америкалык жана бир канадалык астронавттан турган экипаж Орион космостук кемеси менен Айды айланып чыгат. Кеме Айдын бетинен ондогон миң чакырым алыстыкта учуп өтүп, андан соң Жерге кайтып келет жана Тынч океандын акваториясына конот.
NASA адистеринин айтымында, даярдык иштери кылдат талкууланып, бардык командалар кеменин учууга даяр экенин тастыкташты.
Орион кемесин ташыган ракета АКШнын Флорида штатындагы Канаверал тумшугундагы космодромдон учурулат. Ал 19-мартта ракета жыйноо цехинен чыгарылып, старттык аянтчага орнотулат.
Эскерте кетсек, буга чейин миссияны февраль айында учуруу пландалган болчу. Бирок күйүүчү майдын агып кетиши жана башка техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам учуруу мөөнөтү жылдырылган.