Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде эртең менен Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:57де катталып, очогунда күчү болжол менен 4,5 баллды түзгөн.
Жер титирөөнүн күчү Коңорчок жана Чолок-Кайың айылдарында 3,5 балл, ал эми Кош-Булак, Жаңы-Тилек айылдарында жана Баетов айылынын борборунда 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.