Нарында жер силкинди

Коом Загрузка... 11 Май 2026 09:10
692599845_954692810645968_3364466694605116231_n.jpg
copyright icon Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Күн мурун, 10-майда Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Жетим тоо кыркасында, Узун-Булак айылынан түштүк-чыгышты карай 10 чакырым, Арчалы айылынан түштүк-батышты карай 14 чакырым жана Нарын шаарынан түндүк-чыгышты карай 65 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес.