Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Нарын шаарында пара алып жаткан мамлекеттик нотариус кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаардык мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариусу М.у.М. атайын кызмат тарабынан колго түшүрүлдү.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, нотариус Нарын шаарынын тургуну Б.у.Б.дан каза болгон атасынан калган турак жайды мурас катары каттоо үчүн акча талап кылып, пара алганы аныкталган.
Учурда кармалган М.у.М. Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча тергөө иштери улантылууда.