Нарында мыйзамсыз курал-жарак сактагандар аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 22 Май 2026 10:45
646356956.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Нарында мыйзамсыз курал сактагандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ыдайык, "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү" беренеси боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында облус аймагында курал-жарактарды, жарылуучу заттарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүрдү.

Иликтөө иштеринин алкагында УКМК кызматкерлери тарабынан М.Н.Т. жана М.Т.Т. аттуу жарандардын жашаган үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада мыйзамсыз сакталып жүргөн ок атуучу куралдар табылып, алынган.

Учурда бул факт боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары кызуу улантылууда.