Нарында мыйзамсыз кийик аткандар кармалды

Укук тартиби Загрузка... 11 Август 2025 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Ак-Т алаа районунда мыйзамсыз кийик аткандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-августта райондун Жангыз-Булак аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган К. уулу Э. жана Ш. уулу Т. кийик эти, уруксат кагаздары жок 1 даана ИЖ-12 үлгүсүндөгү ок атуучу мылтык, ошондой эле 3 даана балык уулоочу кайырмагы менен кармалган.

Аткарылган текшерүү иштеринин натыйжасында тиешелүү документтер мыйзам чегинде жеринде толтурулуп, кармалган жарандар жана далил буюмдар мындан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Министрлик жарандарды жапайы жаратылышты, өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча мыйзамдарды так сактоого чакырат.