Нарын облусунда 433 үй-бүлө жаңы батирлүү болду

Президент 7 октябрь 2026 11:15
836841930_28503979615910242_1029089669225630957_n.jpg
838374313_28503979625910241_5888755267190262903_n (1).jpg
835098608_28503979935910210_6786625649277605717_n.jpg
836841935_28503979909243546_8615401352332165008_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылыш аземине катышты.

Президент өз сөзүндө бүгүн кут даарыган Теңир-Тоо жергесинде жакшы саамалыкка күбө болуу үчүн келип олтурганын айтты.

"Нарын шаарында алгачкы жолу 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилет. Турак жай комплекстеринде балдар үчүн оюн аянтчасы, эс алуу зоналары, спорттук аянтчалар, кеңсе жайлар, унаа токтотмолору сыяктуу зарыл шарттар каралган.

Эң алды баарыңыздарды Нарын шаары менен Кочкор айылынын көркүнө көрк кошуп жаткан жаңы турак жай комплекстеринин ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын!

Үй ээлери, ак өргөөңүздөр кут болсун", - деди өлкө башчысы.