Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Мен биринчи президент Аскар Акаевден баштап президенттердин баары менен иштегем бирок, мындай ийгиликке, жетишкендикке бир дагы президент жеткен жок. Мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов “Беш жыл - жаңы доордун башаты” аттуу даректүү тасмада билдирди.
Ал өз сөзүндө бүгүнкү бийликке Садыр Жапаровго дагы, Камчыбек Ташиевге дагы “азаматсыңар” деп айта тургандыгын белгиледи.
“Коррупция менен күрөш башталды. Ал оркоюп эле көрүнүп турат жана буга жалпы кыргыз эли күбө. Бул абдан туура күрөш, антпесе болбойт эле. Мамлекетибизди жөн гана жоготуп алмакпыз. Мына ушул коррупция менен күрөш мурда эле керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок”,- деди Ниязов.