Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Жылдык 17 пайыздык киреше чени менен чыгарылган мамлекеттик казыналык облигациялардын 500 млн сомдук көлөмүнүн 230 млн сому сатылды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти Мыктыбек Абиров жергиликтүү радиолорго берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу демилгеси президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлүп, министрлер кабинетинин тиешелүү тескемеси кабыл алынган. Облигациялар Кыргыз фондулук биржасы аркылуу жайгаштырылууда.

“Бул биринчи кезекте калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында чыгарылды. Анткени мамлекеттик баалуу кагаздар үчүн 17 пайыздык кирешелүүлүк өтө жогору көрсөткүч”, — деди Абиров.
Ал белгилегендей, мамлекеттик казыналык облигациялар фондулук биржада көп жылдан бери сатылып келет. Буга чейин алардын негизги сатып алуучулары банктар жана камсыздандыруу компаниялары болсо, учурда пилоттук режимде жарандарга да сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
“Азыркы учурда 500 миллиондун 230 миллиону сатылды. Бул жакшы көрсөткүч. Дагы бир айдын ичинде толук сатып бүтөбүз деп ишенем”, — деди ал.
Абировдун маалыматына караганда, акыркы жылдары Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногунун көлөмү да олуттуу өсүүдө. Тактап айтканда, 2023-жылы фондулук биржада баалуу кагаздарды сатуунун жалпы көлөмү 29 млрд сомду түзсө, 2024-жылы 109 млрд сомго, ал эми 2025-жылы 119 млрд сомго жеткен.
“Азыркы учурда жарым жылдын жыйынтыгы менен 200 млрд сомго жакындап калды. Башкача айтканда, баалуу кагаздарды сатуунун көлөмү 2025-жылдын жылдык жыйынтыгына жакындады. Бул жакшы көрсөткүч жана өлкө экономикасынын өсүшүн көрсөтөт. Сатуулардын негизги көлөмү бул акционердик коомдор өзүнүн капиталдык көлөмүн көбөйтүүсүнө байланыштуу. Бул банкттар, мамлекеттик үлүшү бар компаниялар өз капиталын көбөйтүп, каражаттарды өзүнүн өнүгүүсүнө жумшап жатканын көрсөтөт”, — деди Кыргыз фондулук биржасынын өкүлү.
Абиров баалуу кагаздар рыногунун өсүшү өлкөдөгү экономикалык өсүш жана ири иш-чаралар менен да байланыштуу экенин кошумчалады.