Мьянмадагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 694кө жетти

Дүйнө Загрузка... 29 Март 2025 10:15
IMG_3851.png
copyright icon www

Бишкек, 29.03.25. /Кабар/. Мьянмадагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 694кө жетип, дагы 1670 киши жаракат алды. Бул тууралуу Agence France-Presse (AFP) жергиликтүү бийликке таянуу менен билдирди, деп маалымдайт ТАСС агенттиги.

Маалыматка ылайык, 28-мартта катталган катуу жер титирөө өлкөнүн дээрлик бардык аймагында кыйроого алып келди.

“Окуяга күбө болгондордун айтымында, көптөгөн турак-жайлар, административдик имараттар жана ооруканалар урап түшкөн”,-деп айтылат маалыматта.